"Аянтка чыгыңыздар, ошол жерге дарды коюп, эки метр жипти тиктеп туруп ант берип көрүңүздөрчү", - деп бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Садиков билдирди.
"Буюрса, бир аз убакыттан кийин ишиңиздерди ант берүү менен баштайсыздар. Антты мен мындай түшүнөм. Ант берүү бул касам ичүү, эр-жигиттин башты сайганы деп түшүнөм. 100дөгөн министрлердин антын көрдүк. Эр-жигиттин оозундагы ант ыйык экенин сезбесеңиздер эмнеге ант бересиздер? Биз 30 премьер-министр, жүздөгөн министрлердин касам ичип келгенин көрдүк, бирөөнүн дагы башы калган жок ушул жерде. Аз жегенин аш болсун деп, көп жегенин бир аз кустуруп жөнөттүк. Анттын ыйык экенин сезбесеңиздер, анда эмнеге ант бересиңер? Андай болсо аянтка чыгыңыздар, ошол жерге дарды коюп, эки метр жипти тиктеп туруп ант берип көрүңүздөрчү. Ошондо Акылбек Үсөнбекович, артыңызда канча адам калганын ошондо көрөт элек", - деди ал.