Бүгүн, 13-октябрда президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин жаңы курамынын ант берүүсүнө катышты. Ант берүүдөн соң өлкө башчы сөз сүйлөп, депутаттарга кайрылып, трибунада айткан ар бир маалыматты сүйлөгөндөн мурун тактоого чакырды.
"Урматтуу депутаттар, силерден дагы бир сураныч. Трибунага чыгып алып сөз сүйлөөр алдында адегенде ошол маселенин чын-төгүнүн тактап алгыла. Анткени силер депутатсыңар, силердин сөздү эл олуттуу кабыл алат.
Мен Кытайга алтын концентраты чыгып кетти деген депутат боюнча айтып жатам. 17 жүк ташуучу унаа менен алтын концентраты Кытайга чыгып кетти деп маалымат берип, элди дүрбөттү. Мындай концентрат кечээ эле чыгып кеткен жок, 20 жылдан бери мыйзам чегинде чыгып келе жатат. Андан 3,5-4 миллиард сомго чейин салык түшүп жатат, бирок бул каражат бизди багат дегенден алыспыз. Биз мунун үстүнөн иштеп жатабыз, же салыгын көтөрөбүз же башка пайдалуу жагын карайбыз.
Депутаттар, бир маселе көтөрүү алдында аны текшергиле, силерде аны текшерүүгө бардык органдарга кайрылууга укугуңар бар. Бизге тынчтык керек", - деди Жапаров.
Сентябрь айынын соңунда депутат Аккулу Бердибаев "Жүк ташуучу 17 унаага жүктөлгөн аткезчилик алтын концентратын кытайлар чыгарып кетишиптир. Кимдер күнөөлүү?" деген суроо салган.