
Бүгүн, 14-октябрда Ош, Баткен облусунун кээ бир аймактарында пландаштырылган оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Ошэлектр" ААКсынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, төмөндөгү аймактарда саат 08:00дөн 18:00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт.
* Кызыл-Кыя шаарынын Космодемьянская, Фрунзе, Механизаторская, Корчагин, Крупская, Дружба Народов, Свердлов, 9-бешжылдык, Кувасай, Суукана, Каганович, Сулайманабад көчөлөрү.
* Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа, Кара-Кочкор, Кашка-Жол айыл өкмөттөрү.
* Алай районунун Жылы-Суу, Таш-Коро айылдары.
* Кара-Суу районунун Кенжекул, Партсъезд, Октябрь, Курбан-Кара, Стант, Тынчтык, Каратай, Акжар, Лаглан, Кызыл-Ой, Тээке, Талдык, Бек-Жар, Топ-Терек, Лянгар, Ачы, Беш-Мойнок.
* Ноокат районунун Шалдырама, Бобби, Катта-Тал, Адыр, Он-Эки-Бел, Нарай айылдары.
* Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтү.
* Баткен районунун Ак-Турпак, Суу-Башы, Төрт-Гүл айыл өкмөттөрү.
* Өзгөн районунун Дөң-Булак, Мырза-Аке, Алтын-Булак айыл өкмөттөрү, Өзгөн шаары.
* Ош шаарынын Анар, Төлөйкөн, Кокум-Бий (СМУТТ), МЖК-2, Юго-Восток кичи шаарчалары, Кокум-Бий, Абдыкадыров, Раимбеков, Масалиев, Жим, Ош, Аношина, Навои, Турсунбаев көчөлөрү, Кыргызстан, Кеңеш айылдары.
Саат 09:00дөн 12:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдө электр жарыгы өчүрүлөт:
Ош шаарынын Салиева, Касымбеков, Водозаборная, Абакир уулу Төрөбек көчөлөрү.
Саат 14:00дөн 17:00гө чейин:
Ош шаарынын Масалиев кең көчөсү, Шакиров, Монуев, Исаков (Дача участкасы), Мичурин, Ишматов, Малиновая, Набережная, Ирригатор, Центральная, Обзорная, Подгорная, Төлөйкөн көчөлөрү, ДЭУ Ноокат жолу.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн "Ошэлектр" ААКсы кечирим сурайт.