Ырчы Канат Деркембаев сүйүктүүсү Айзуурага баш кошуп, той өткөрүүдө. Түгөйлөрдүн ак тою борбор калаадагы тойканалардын биринде өтүүдө.
Ырчы мырзанын колуктусу Айзуура Токтогулдан болот, кесиби фармацевт. Алар 1 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшкөндөн кийин баш кошууну чечишкен. Бул туурасында Канат Деркембаевдин карындашы Айдана Дека тарабынан белгилүү болду.