Бүгүн, 14-октябрда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин видеоконференция режиминде жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында өткөн жолугушууга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко, Кыргыз өлкөсүнүн президенти Садыр Жапаров, Орусиянын президенти Владимир Путин, ошондой эле ЕАЭБдеги байкоочу мамлекеттердин башчылары – Кубанын президенти Мигель Бермудес, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев жана Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышкан.
Өз сөзүндө Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык биримдик Кыргыз өлкөсү үчүн мүчө-мамлекеттерди жакындатуучу жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоонун өсүүчү потенциалы бар маанилүү интеграциялык бирикме болуп эсептелерин белгилеген.
Мындан сырткары ал кесиптештерин азык-түлүк өнүмдөрүнүн тартыштыгын алдын алуу жана бири-бирин толуктоону камсыз кылуу үчүн келечекте ички рынокту коргоо жана импортту алмаштыруу боюнча ченемдик базаны шайкеш келтирүүгө биргелешкен практикалык чараларды көрүүгө чакырды.
Ошондой эле ал Биримдикке мүчө-мамлекеттердин экономикасынын эриш-аркак өнүгүүсүн жана жакындашуусун камсыздоо каралган, өнүгүүнүн тең салмактуу шарттарын түзүүгө багытталган реалдуу инструменттерди иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.
Мындан сырткары, президент коронавирус пандемиясына жана чектөөчү чаралардын кабыл алынышына байланыштуу экономикалык кризис бүткүл Биримдиктин экономикасына эбегейсиз таасирин тийгизгенин, анын кесепетинен киреше төмөндөп, жакырчылык деңгээли, жумушсуздук өскөнүн белгиледи.
"Бул көйгөйдү чечүү үчүн, биз калктын кирешелерин жакындатууга жана экономикабызды түздөп кетүүгө багытталган мүчө-мамлекеттердин экономикасын кармап калуу механизмдерин жана максаттуу программаларын системдүү жана мазмундуу иштеп чыгуубуз керек", - деген Садыр Жапаров.
Жыйын жыйынтыгы боюнча бир катар актылардын долбоорлору жактырылып жана ЕАЭБке мүчө-мамлекеттердин климаттык күн тартибинин алкагында экономикалык кызматташтык жөнүндө билдирүүсү кабыл алынды.