23 партия көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмелери тууралуу билдирген. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
73 саясий партиянын ичинен 26 саясий партия съезддерди өткөрүү жөнүндө БШКга кабарлаган, анын ичинен 3 партия эки жолу съезд өткөргөн. Жалпысынан 23 партия көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмелери тууралуу билдирген.
Саясий партиялар каттоо үчүн документтерин 18-октябрь, саат 18:00гө чейин тапшыра алышат. Ошол эле учурда “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата Мекен”, “Ишеним”, “Ынтымак” жана “Улуттар Биримдиги” саясий партиялары 13-октябрда каттоого көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмелеринин документтерин анын ичинде “Электрондук талапкер” системасы аркылуу да тапшырышты.