"Спортчу болсоң эркекче жеңилгениңди моюнга алганды билиш керек". Депутат Нурбек Алимбеков Шайлообек Атазовго жооп кайтарды

Бүгүн, 8-декабрда депутат Шайлообек Атазов кайрылуу жасап, Нурбек Алимбеков шайлоодо мыйзам бузууларга барганын айткан.

Мындан улам Нурбек Алимбеков Шайлообек Атазовго жооп кайтарды.

"Кесиптешим Жогорку Кеңештин ыйык трибунасын саясий кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жатат. Чынында биздин округда менин кесиптешим ыплас шайлоо өткөрдү. Фуркад айыл өкмөтүндө штаб жетекчисине өзү чалып, коркутуп, оозго алгыс сөздөрдү айткан. Ошол иш прокуратурада турат. Аксакалдар шайлоону тынч өткөрөлү дегенде тосмо арыз жазып берген экен. Ошол сөздөрдүн баарын ачыктайбыз. Мени коррупцияга малынган деп айтып жатат. Ага акча кайдан келип жатат? Анын акчасы кайдан келип жатканын баары билет. 17 миң добуш алдым деп жатат, биз 19 миң добуш алдык. Спортчу болсоң эркекче жеңилгенди моюнга алууну билиш керек. Анын айткандарынын баары жалган", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан