Ассоль Молдокматова баткендик Адил лицейде ийгиликтүү окуп жатканын айтты

Баткен облусунун тургуну Адил менен бишкектик Айдамир Токмоктогу лицейде ийгиликтүү окуп жатышат. Алардын окуудагы ийгиликтери тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Адил менен Айдамирди жакында Токмокко алып баргам, алар кыргыз-түрк лицейинде бекер окуй башташкан. Бул үчүн лицейдин жетекчилигине көп жолу рахмат айтам. Баткендик Адил чек арадагы көйгөйлөр тууралуу көзүнө жаш алып айтып бергени эсиңиздеби? Бүт өлкө анын окуясын тыкыр көзөмөлдөп турган.

Адил - ийгиликтүү окуучу, түрк, англис тилдерин үйрөнүүдө. Албетте, дагы убакыт керек. Ал болгон аракетин кылууда. Анткени биз ага чоң үмүт артып жатканыбызды билет. Айдамир (аны үч баласы бар жалгыз бой атасы тарбиялайт, экөө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген) дагы ийгиликтерди жаратууда. Ал кооз сүрөт тартат, окуганды жакшы көрөт, китепканада көп убакыт өткөрөт. Математика сабагы боюнча мугалим ага жардам берүүдө.

Мен ишенем, жакында алар менен сыймыктанабыз", - деди Молдокматова.

Белгилей кетсек, балдар окууга ушул жылдын 15-сентябрында кабыл алынышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
O.dembele
2021-10-15 18:01:58
Баткендик
0
rysik79
2021-10-15 20:33:31
Баткенчи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан