Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова каза болду

Бүгүн, 16-октябрда 84 жаш курагында Кыргыз эл акыны, Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгы жана Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Майрамкан Абылкасымова каза болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова 1936-жылы 7-ноябрда Кемин районундагы Алмалуу айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.
Ал 1958-жылы В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн. М.Абылкасымова кыргыз поэзиясына кошкон чоң салымы үчүн 1986-жылы "Ардак белгиси" ордени менен, 2005-жылы III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган. 1980-жылы Кыргыз эл акыны наамын, 1970-жылы Ленин комсомолу сыйлыгын алып, 1984-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. 1962-жылга чейин Ош шаарындагы облустук "Ленин жолу" гезитинде жана Ош педагогика институтунда иштеген.1961-жылдан 1991-жылга чейин "Ала-Тоо" журналында адабий кызматкер, "Поэзия" бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Ошондой эле "Аялзат" гезитинде башкы редактор, 1995-жылдан баштап "Курманжан Датка" фондунун төрагасынын кеңешчиси катары иштеген.
Акындын алгачкы ырлары 1952-жылдан тартып жарык көрө баштаган. 1961-жылы "Кичинекей досторго" аттуу туңгуч ырлар жыйнагы чыккан. "Чолпон", "Эстелик сүйлөйт", "Быйыл жаздын гүлдөрү көп" аттуу жыйнактарына салттуу ыр түзүлүшүндөгү ырлар менен катар ритмикалык жаңы өлчөмдөгү, эркин ыр формасындагы чыгармалары кирген.
Анын ырлары орус, украин, казак, монгол, немис, поляк, француз тилдерине которулган.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Майрамкан Абылкасымованын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан