Балыкчы шаарында саясий партияларды жана талапкерлерди үгүттөө эрежелери боюнча окутуу өткөрүлдү

Тектеш кабарлар: Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо - 2021 (430 материал)

Балыкчы шаарында саясий партияларды жана талапкерлерди үгүттөө эрежелери боюнча окутуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүттөө эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев катышуучуларга шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү, анын этаптары, мөөнөтү жана шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзүүнүн негизги эрежелери тууралуу маалымат берди.

Жогорку Кеӊешке депутаттарды шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштери 29-октябрда башталып, 27-ноябрда, саат 8:00дө аяктай тургандыгы да айтылды. Шайлоо өнөктүгү учурунда Кыргыз жарандары, саясий партиялар талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын макулдугу жана алардын шайлоо фонддору аркылуу гана каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө укуктуу. Шайлоо фонддоруна түшүүчү акча каражаттары улуттук валютада гана кабыл алынат.

Шайлоо алдындагы үгүттөө катары тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн же аларга каршы добуш берүүгө чакыруу, айрым талапкерлерге, саясий партияларга карата артыкчылык берүү, талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлаганда же шайлабаган учурда мүмкүн болгон кесепеттерди сүрөттөө, талапкердин кесиптик ишмердигине же анын өз кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышпаган ишмердиги тууралуу маалыматты таркатуу эсептеле тургандыгы түшүндүрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан