SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков болду.
Ага "Сизди мурдагы президент Алмазбек Атамбаев "Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп, мультимиллионер болгон" деп айткан. Чын эле мультимиллионер болдуңуз беле? Байлыкты кайдан тапкансыз?", - деген суроо берилди.
"Ар бир адамдын тапкан байлыгы өзүнө буюрсун. Мени камагандан кийин мамлекеттик телекомпаниялар каралашкан. Мен салык системасында, депутат болуп иштегенде декларацияны тапшырып келгем. Ал жерде мен өзүмдүн мүлкүмдүн тыйынына, мыгына чейин көрсөткөм. Ооба, мен эмгектенгем. Илимдер академиясына келгенде батирден батирге көчүп жашагам. Үйү барларды көрүп кандай бактылуу деп ойлочумун. Мен каражатты кантип тапканымды эмне үчүн сурашпайт?", - деди Келдибеков.