Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партия лидерлери жана өкүлдөрү бүгүн, 29-ноябрда БШКнын алдына митингге чыгышты. Нааразы болгондор шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда.
"Азаттык" партиясынан талапкер Бактыбек Калмаматов шайлоонун алдын ала жыйынтыктары таптакыр эле башка болгондугуна байланыштуу митингге чыгышканын белгиледи.
"Кечээ берген алдын ала жыйынтык менен бүгүнкү жыйынтык таптакыр эле эки башка болуп калды. Биринчи жыйынтык боюнча 10 партия өтсө, 2 жыйынтыкта 6 эле партия өтүп, 4 оппозициялык партия өтпөй калды. Биз БШКнын толук курамы, министрлер кабинети дагы толук курамы менен отставкага кетишин талап кылабыз. Кайра шайлоо өткөрүлүшү керек, президент талаптарга жеке өзү жоопкерчилик алышы керек. Анткени өлкө башчы таза шайлоо өткөрүп берем деген. Тилекке каршы, президент айткан жооптуу тараптар шайлоону адилеттүү, таза өткүрүп бере алышкан жок. Айткандарын аткара алышкан жок", - деди Калмаматов.
28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жыйынтыкталды.
Добуш берүү жараяны эртең менен саат 08:00дө старт алып, жалпы 2 494 шайлоо участкасы ачылды. Анын ичинде 59 шайлоо тилкеси чет мамлекетте жүргөн Кыргыз жарандарын тейледи.
Шайлоо тилкелери жабылгандан кийин БШКнын сайты алдын ала жыйынтыктар келе баштагандан кийин мүчүлүштүктөр пайда болуп, сайт бир аз убакыт иштебей туруп калган.
VII чакырылышка жалпы 90 депутат өтөт. Ага 21 партиядан талапкерлер жана бир мандаттуу шайлоо округунан 286 талапкер ат салышты. Анын ичинен 54 мандат партиядан коюлган талапкерлерге берилсе, 36сы бир мандаттуу шайлоо округдан жеңип чыккандар болот.