"Шыптар көгөрүп, чатырдан суу тамчылайт". Акыйкатчы институту Сузактагы оорукананын абалы тууралуу үн катты

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Сузак районундагы аймактык ооруканага мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу аталган институттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мониторингдин жыйынтыгында оорукана санитариянын ченемдерине жана калктын саламаттыгынын коопсуздугун камсыздоо талаптарына таптакыр жооп бербейт. "Оорукананын тепкич аянтчалары жана коридорлору таза эмес, бардык жер кир, дубалдардан шпаклевка күбүлүп түшүп, шыптар көгөрүп кеткен, чатырдан суу тамчылайт, палаталардын терезелеринин алкактарындагы тешиктерден шамал кирип турат, суук түшүшү менен клеёнка менен чапталат, бул палаталарды талаптагыдай желдетүүгө шарт түзбөйт. Палаталарда жуунуучу жайлар каралган эмес, бейтапкананын жападан жалгыз душ бөлмөсү иштебейт жана башка максатта (анда чарба буюмдары сакталат) колдонулат. Бейтапкананын эки бөлүмүнө (терапия жана неврология) бир ажаткана бар. Мындан сырткары, оорукананын палаталары 4 кишиге ылайыкталганына карабастан ал жерде 6дан бейтап жатышат.

Экинчи кабатта жайгашкан хирургия бөлүмүнүн үчтөн бир бөлүгү балдар бөлүмүнө берилген. Эки бөлмөнүн абалы тең начар, дубалдарда жарака, вентиляциялык тутум жоктугунан шыптарды көк баскан. Терезелери да ушундай абалда. Бейтаптар менен маектешүүдө анык болгондой, мамлекет тарабынан акысыз берилүүчү айрым дары каражаттарын өздөрү сатып алышат. Бейтаптар менен маектешүүдө алар медициналык тейлөөнүн абалы жана дарыгерлер жөнүндө жакшы гана пикирде. Сузак райондук оорукананын имаратынын абалы гана кейиштүү", - деп белгилешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан