Дагы бир талапкер бир мандаттуу округдан шайлоого аттануудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Тынчытбек Абдылдаев шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча билдирме берди. Ал № 24 Сокулук шайлоо округунан аттанып жаткан. БШК парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арызды карап чыгып чечим кабыл алды.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленди.