Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дары-дармекке болгон бааны төмөндөтүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгын "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
"Мен министр болуп келгенден баштап дары-дармек тармагындагы коррупцияны токтотойун деп көп аракет кылдым. Менин оюмча, ал жактагы коррупция азыр токтолду. УКМКда, Жогорку Кеңеште дары мафиясы тууралуу айтылгандар бизге чейин болгон. Мен келгенде ар бир мекемеге мурдагыдай болуп иштебейсиңер деп айткам. Алардын бардыгы азыр бизде жок.
Экинчиден дары-дармектердин "социалдык дарыканасын" ачтык, азыркы учурда 25-40 пайызга чейин арзандатуу менен пенсионер, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга сатып жатабыз. Биз дары-дармекке болгон бааны түшүргөнгө аракет кылып жатабыз. Ал механизм бизде бар", - деди Бейшеналиев.
Буга чейин дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы абалды талкуулоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кеңешмесинде дары-дармектердин рыноктук наркын түзүү ыкмаларын кайрадан карап чыгуу, анын катарында калк үчүн өтө маанилүү дары-дармектердин баасын төмөндөтүү чечими кабыл алынган.
Ошондой эле маанилүү дары-дармектердин баасына карата чайкоочулукка жол бербөө максатында натыйжалуу чараларды иштеп чыгуунун алкагында мамлекеттик органдардын жетекчилерине аткаруу мөөнөтү белгиленген конкреттүү тапшырмалар берилген.