Толгонай Арзыкеева сүйүктүүсү менен түшкөн сүрөттөрүн өчүрүп, күйөрмандардын талкуусуна жем таштады

Ырчы Толгонай Арзыкеева сүйүктүүсү менен түшкөн сүрөттөрүн өчүрүп, күйөрмандарынын талкуусуна жем таштады.

Социалдык тармактарда ырчынын күйөрмандары сүйүктүүсү менен түшкөн сүрөттөрүн өчүргөнүн жазышып, түрдүү божомолдоп жатышат. Азырынча ырчы мамилеси тууралуу эч нерсе дей элек. Бирок Инстаграмга жаңы видео жүктөп, алдына дагы бүдөмүк ойлорду жараткан пост калтырган.

Анда ырчы акыркы убактарда жан дүйнөсүндө кандайдыр бир баш аламандык болуп жаткандыгын жана "күлгүн түстөгү" көз айнегин чечкендей сезим болгонун жазган. Ошондой эле мунун баары тез чечимдердин натыйжасында болуп, буга өкүнбөй тургандыгын жазган. Арзыкееванын күйөрмандары постту жана видеону анын чач жасалгасынын өзгөргөндүгү менен байланыштырып, комментарий жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jibani
2021-10-18 19:46:04
Супер жанылыкты тактап анан чыгарсанар ушакчы болбой
+10
voennyi88
2021-10-18 21:44:39
Эгер чын болсо, анда эми мага турмушка чык Толгонай
0
bond02
2021-10-18 22:17:58
Ажырашып тынса керек да.
0
Nursul
2021-10-19 08:59:33
Биринен алып бирине чыгара бергендин эмне кереги бар
0
VENOM
2021-10-19 11:40:06
Кыз жигит мамиле башка, эрди катын мамиле башка. Ошону эми түшүнүп шок болуп жатса керек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан