Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагылар “качан укук коргоо кызматкерлери келип кармап кетет” деп коркуп жашап жатышат. Муну бүгүн, 11-ноябрда маалымат жыйын берген акыйкатчы Бакыт Аманбаев айтты. Айтымында, бул жакшы көрүнүш эмес. “Эл өзүнүн бийлигинен коркуп жашабашы керек”,- деди акыйкатчы.
Ошондой эле жергиликтүү тургундар ар кандай чагымчыл аракеттердин алдын алуу үчүн көчөлөргө тосмолорду коюп, коопсуздукту көзөмөлдөп турганын айткан Аманбаев, айылдагылар президент Алмазбек Атамбаевдин Сарууга барышын талап кылып жатканын кошумчалады.
Эске салсак, президент А.Атамбаев элдин тынчтыгы үчүн бийлик "Кумтөрдү" улутташтырууга барышы мүмкүн экенин билдирүүдө.