Памирден келген кыргыздар Ош облусунун Алай районундагы Талды-Суу айылында күн кечирип келишет. Алардын учурда чакан мал чарбачылыгы бар. Ошондой эле балдарына алган жөлөк пулга, айрымдары айылга жакын жайгашкан көмүр шахтадан иштеп, керектүү азык-түлүк, кийим-кечелерин алып жашап келишет.
Аба ырайы сууктап, кычыраган кыштын келерине дагы аз убакыт калды. SUPER.KG порталы боордоштордон айылдагы жашоо-турмушу, кышка кандай камылга көрүп жатканына кызыгып сурап көрдүк. Айыл тургуну Нажмидин Абдукарим уулу учурда көмүр шахтада иштеп жатканын айтып, кайрымдуулук фонддун көмөгү менен 2 тонна көмүр түшүрүп берилгенин билдирди.
"Азыр азык-түлүктү балдарыбызга берилген жөлөк пулга алып жатабыз. Кээ бирлери айылдан анча алыс эмес жерде жайгашкан көмүр шахтага барып иштеп жатабыз. Балдар мектепте окуусун улантууда.
Президент Садыр Жапаров ар бир үйгө 10дон кой, бирден уй, бирден жылкы берген. Ошолорду багып жатабыз. Мамлекет малга тоют деп 5 унаа чөп сатып берген", - деп билдирди Абдукарим уулу.
Ошондой эле учурда республикалык бюджеттен азык-түлүк берүү токтотулганын кошумчалап өттү.
"Акыркы жолу бизге президент келгенде (ред.; ушул жылдын 4-апрелинде) азык-түлүк берилген. Андан бери бериле элек", - деди ал.
Талды-Суу айыл өкмөтүнүн катчысы Ырыскан Орколова республикалык бюджеттен аталган аймакта жашаган памирлик кыргыздарга азык-түлүккө каражат бөлүнбөй калгандыгын билдирди.
"Памирден көчүп келген кыргыздарга азык-түлүк республикалык бюджеттен бөлүнчү. Азыр берилбей калды. Мындан ары алар өздөрү азык-түлүктү сатып алышат болушу керек. Балдарына жөлөк пул алышат да.
Кышка карата кайрымдуулук фонддордун бири 2 тоннадан көмүр түшүрүп берди. Өзүбүздүн көмүр кенге дагы билдирүү жөнөтүп койдук. Алар жооп бере элек", - деп билдирди Орколова.
Маалымат үчүн:
Мамлекет тарабынан Талды-Суу айылына 11 үй курулуп, аларга 17 үй-бүлө жайгаштырылып, үй тиричилигине жана азык-түлүгүнө жардам көрсөтүлгөн. Бюджеттик каражаттардан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана демөөрчүлөр тарабынан каржылык жардам берилип келет.
Алардын баары Ооганстан жана Кытайдан келген этникалык кыргыздар.