Бюллетендерге талапкерлердин тартиби чүчү кулак аркылуу аныкталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Искандер Гайпкулов билдирди.
"Ал эми партиялардан талапкерлерди партия сунуштаган тизмеге ылайык коёбуз", - дейт ал.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленди. Шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына жалпы 75 партия билдирүү берген.
21 партия шайлоого катышуудан баш тарта тургандыктарын кат жүзүндө билдиришкен. Алар: "Бийлик Элге", "Ар-Намыс", "Аалам", "Ак Бата", "Социалист", "Бирге-Вместе", "Биздин Эл", "Наш Народ", "Афганистандагы согуштун жана башка согуштук конфликттердин ардагерлеринин партиясы”, "Эмгек", “Чоң Казат”, "Либералдык-Прогрессивдүү Партия", "Кыргызстан элдеринин конгресси", "АШАР-Алтан", “Жаратман Эл”, “Элдик Партия”, "Менин Мекеним", "Элдик Партиясы", “Замандаш”, “Ак шумкар”, "Айкөл Кыргызстан", "Кыргызстандын "Баба Дыйкан" фермер-дыйкандарынын партиясы", "Адилет" партиясы.