Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин комитетинде БШКнын 2021-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу каралды.
Буга быйылкы жылдын планында референдум жана үч шаардык кеңешке кайрадан уюштурулган шайлоолор кирбегенин жүйө келтиришти.
“Ага ылайык, 100 миллион сом кошумча акча керек. 11-октябрда министрлер кабинети атайын тескеме менен аталган каражатты бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Эми Жогорку Кеңештин макулдугу керек”, - деди БШКнын мүчөсү Искандер Гайпкулов.
Жыйынтыгында Бюджет жана финансы боюнча комитети шайлоону уюштурууга кошумча 100 миллион сом бөлүү боюнча өзгөртүүнү колдоду.