Алдыдагы шайлоого катышуу үчүн саясий партиялар 1 миң 46 талапкерди көрсөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Тизмелерин 21 саясий партия көрсөттү. Көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы саны – 1 миң 46 талапкер. Алардын ичинен 669 – эркек, 377 – аял.
Майыптыгы бар талапкерлердин саны – 46, 189 талапкер – башка улуттун өкүлдөрү, 267 талапкердин жаш курагы 35тен ашпайт.
29-октябрга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн документтердин мыйзамдарга ылайык келүүсүн текшерүүдөн өткөрөт.