"АШАР-Алтан" саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирме берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 8-октябрда БШКда партиянын билдирмесин карап чыгып, аны эске алуу жөнүндө чечим кылды.
"АШАР-Алтан" саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жокко чыгарылды, алардын каттоо күбөлүктөрү анык эмес деп таанылды.