ЭЛДИК КАБАР: "Оштун Төлөйкөн айылында кичи автобус окуучуларды албай жатат" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылынын тургуну кайрылды. Анда ал №24 кичи автобус окуучуларды албай жатканын айтты.

"Айтайын дегеним, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылындагы №24 кичи автобус каттамы эртең менен окуучуларды албай жатат.

Окуучулар айылдын төмөн жагындагы 3-4 чакырым алыстыктагы мектепке барышат. Тагыраагы, бир аялдамадан соң алар мектепке жетишет. Бул аралыкта алар кичи автобуска толуп алып, тийиштүү дарекке жеткенде түшүп калышат. Мындан улам кичи автобус жолдогу чоң кишилерди албай калышы мүмкүн.

Жалпы тургундар жол акыны айыл ичинде чоңдорго 15 сом, окуучуларга 10 сом кылып берсек да окуучуларды албай жатышат.

Унаа менен артынан кууп келип түшүндүрүүгө аракет кылсак, айдоочу тоготпой кетип калды. Балдарды албай койгонуна ким чара көрөт? Суукта окуучулар кыйналып калат", - деп билдирди Талант уулу.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан