Учурда убактылуу камакта отурган Равшан Жээнбеков ден соолугу начарлап, медициналык көзөмөлдөн өттү. Бул тууралуу анын уулу Азат Равшанга байланышканыбызда билдирди.
Анын айтымына караганда, Равшан Жээнбеков боор оорусу менен жабыркап жатат.
"Бүгүн атама ооруканадан медициналык кароо өткөрүлдү. Атамдын боору жабыркап жатканын дарыгерлер айтып жатышат. Биз дагы анализдерди тапшырып, дагы тактаганга аракет кылып жатабыз", - деп билдирди Азат Равшан.