Коюнга батпай турган чоң кубаныч... Анара Мурзакулова Орусиянын "Кондитер" теледолбоорунун жеңүүчүсү аталды

Мекендешибиз Анара Мурзакулова орусиялык "Кондитер" теледолбоорунун юбилейлик 5-сезонунун жеңүүчүсү аталып, 1 миллион рублга ээ болду. Бул тууралуу эфирде белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, Мурзакулова менен бирге супер финалда орусиялык 3 кондитер ат салышкан.

Буга чейин, кондитер Анара Мурзакулова орусиялык көңүл ачуучу "Пятница" телеканалында "Кондитер" теледолбоорунун 5-сезонунун супер финалына өткөн. Долбоордо ал кыргыздын улуттук кийимин кийген кыздын жана комуздун түзүлүшүн чагылдырып эки кабаттуу торт жасаган.

Мекендешибиз Анара Мурзакулова Орусиянын "Кондитер" теледолбоорунун жеңүүчүсү аталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
mariolan
2021-10-20 10:15:09
азаматсыз,кыргыздар акырындап орусияны багындырыш керек, бизде деле Артём премьер министр болду го, биз деле Россияне башкарышыбыз керек
-6
Nina.alex
2021-10-20 10:54:13
mariolan,ай мээси жок ай. Артемдун чыпалагына тен келбейсин
+2
Samash-87
2021-10-20 11:12:08
Nina.alex,Акыркы 5 жылда Россияда канчалаган Кыргыздын балдары төрөлүп Россияда бала бакча, мектепке барып жатышат,Азыркы поколения дагы 10-15 жылдан кийин чоңоюшат,ошондо көрөбүз биздин балдар Россиянын баардык тармактарын колго алышат.
+7
Nina.alex
2021-10-20 11:29:59
Samash-87,анае причем тут Артем
-3
Samash-87
2021-10-20 12:46:28
Nina.alex,ошол Артём деле Кыргызстанда туулуп өстү деген маани
-2
mariolan
2021-10-20 21:33:24
Nina.alex,Артем орус улутунан болсо да КР ны башкарды, эч ким эч нерсе деген жок, биз андан эмнебиз кем, биз деле Россияны башкарсак болбойбу
0
Tynar1213
2021-10-20 18:44:29
Samash-87,100 жылдан бери жашаган дактар эч нерсе ала элек силерге б.. барбы
-1
Pepe93
2021-10-20 11:02:26
Куттуктайбыз
+5
ayzhan12
2021-10-20 12:13:54
Молодец ишине ийгилик.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан