Жогорку Кеңеш бир ай шайлоочулар менен жолугушуу чечимин кабыл алышты. Анда бир топ депутаттар буга каршы болушту.
Депутат Айбек Осмонов: "Кийинки чакырылыштагы депутаттар келгенге чейин биз иштетишибиз керек. Канчалаган карала турган маселелер турат. Ишти аягына чыгаралы, бул токтомду артка кайтарып алалы", - деди.
Депутат Шайлообек Атазов: "Мен кесиптештеримдин сунушун добушка коюуну суранам. Шайлоого аттанбаган депутаттар бар. Жогорку Кеңеш ар түрдүү маселелерди карап турушу керек. Алдыда кыш келип жатат. Жогорку Кеңеш жыйындарды өткөрүп турушубуз керек. Арабызда 5 ай, бир жыл келбеген депутаттар бар. Аларды Кудайга койдук. Иштейм дегендер келип иштеши керек", - дейт.