"Мандатыңарды тапшырып бергиле". Жогорку Кеңештин жаңы депутаты бир ай парламент ишин токтотпошу керектигин айтты

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңеш бир ай шайлоочулар менен жолугушуу чечимин кабыл алды. Анда бир топ депутаттар буга каршы болушту.

Депутат Алайбек Алымбаев дагы токтомго каршы болду. "Конституцияда жазылып тургандай, жаңы келген депутаттар ант берген күндөн тарта биздин иш токтотулат. Ишти улантуу керек. Шайлоого тоскоолдук болуп калат дегендер мандатыңыздарды тапшырып бериңиздер. Артыңыздарда көптөгөн добуш алып келген адамдар тизмеде турат. Ошолор келип иштесин. Силер мамлекеттин, элдин эсебинен айлык алып отурасыңар, ошону акташыңар керек. Парламенттин дарегине ар кандай сындар айтылып жатат. Бир ай, эки ай калса да татыктуу иштеп кетели", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан