"Май куюучу жайлар жабылып калышы мүмкүн". Нефтетрейдерлер ассоциациясы коңгуроо кагууда

Кыргыз өлкөсүнүн Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү май рыногунда алдыда критикалык жагдай жаралат деп коңгуроо какты. Тагыраагы, аталган ишкана бензин, дизель майына болгон бааны кармап туруу өлкөдөгү май куюучу жайлардын жабылышына алып келет дейт.

Ассоциациянын берген маалыматына караганда, нефтетрейдерлер Кыргыз өлкөсүндөгү күйүүчү май рыногундагы учурдагы оор кырдаалга өтө тынчсызданышууда. Алар октябрдын башында Орусияда мунайды кайра иштетүүчү заводдордо баанын кескин жогорулаганын эскертишет. Баалар 2021-жылдын сентябрынан тарта тоннасына 100 доллардан ашты. Орусияда мунайга болгон баанын өсүшүнө суроо-талаптын жогорулашы жана чектелген сунуш таасир эткен.

  • Казакстан ички рыноктогу тартыштыкты жоюу үчүн Орусиянын заводдорунан 150 миң тоннага жакын мунай продуктыларын сатып алды;
  • Орусиянын эки ири мунай иштетүүчү заводу - Омск мунай иштетүүчү заводу жана Орск заводу жылдык пландуу тейлөө үчүн жабылган.

"Октябрь айында Кыргыз өлкөсүнө күйүүчү майды жеткирүүнүн баасынын кескин өсүшү республиканын бардык региондорунда 40тан ашуун май куюучу жайлардын сакталышына таасирин тийгизди. Күйүүчү майдын баасын ички рынокто мындан ары кармоо бүтүндөй республика боюнча май куюучу жайлардын ишин токтотууга алып келет.

Бүгүнкү күндө Кыргыз жергесинде күйүүчү майдын баасы май куюучу жайдын стеласында көрсөтүлгөн чекене баадан 8,9 сомго жогору.

Нефтетрейдерлер ассоциациясы калкты жана бийликти күйүүчү май рыногундагы учурдагы абалга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат. Мунайга жана мунай продуктыларына баанын өсүшү дүйнөлүк тенденция, ал эми Кыргыз өлкөсү импорттон көз каранды болгондуктан тышкы факторлордун таасирин тең салмактай албайт.

Күйүүчү майдын чекене баасын 2021-жылдын аягына чейин беките ала турган жалгыз механизм - мунай продуктыларына салык салуу системасын убактылуу жөнгө салуу", - деп айтылат ассоциациянын билдирүүсүндө.

Ассоциациянын эсептөөлөрү боюнча, мындай чаралар күйүүчү майдын баасы литрине 8,9 сомго кымбаттоону жыл аягына чейин жылдырат.

Эми мэр, акимдерди президент дайындайт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Jacob.
2021-10-21 10:47:41
Кана Ташиевтин: “куйуучу майдын ташуудагы контрабанданы таптык, куйуучу май Кыргызстанда 50 сомдун тегерегинде сатылыш керек” деген созу?
+21
nargiz-sa
2021-10-21 17:33:22
Jacob.,итке миндире турган болду Ташиев Жапаров кыргызды колдорунан келбегенден кийин ошончо элдин шоруна көрүнбөй тапшырыш кк да бийлигин
+8
Antiradikal3
2021-10-21 11:02:25
Ташиев бийликке келип, 25 жылда бензин сатып топтогон байлыгын кайра эле бензинден, биррк бир жылда табайын деген окшойт. Былтыркы 30 сомдук бензин 58 сомго чыкты. Бул кетиште 70 сомго чыкчудай. А Россиянын озундо бензин болгону 5-8 рубль кымбаттады болгону.

Биздин бийлик оз чонтокторун толтуруп жатат ар шылтоону айтып. 35-40 сомдон сатыла турган бензинди 60-70 сатып.......
+8
Esen8891
2021-10-21 11:20:11
Намёк кылып ар шылтоону айтпай бензин кымбаттайт деп ачык эле айтпайсынарбы
+13
Esen8891
2021-10-21 11:21:09
Фит мн матиздер дагы кымбаттайт экенда
+13
bond02
2021-10-21 11:36:24
Арзандаган эч нерсе жок го.
+9
Baktiyar731
2021-10-21 23:36:39
bond02,адамдын абийири эле арзандашы
+1
Lev79
2021-10-21 12:54:35
Бийликте аферистер.
+12
Samina007
2021-10-21 14:23:59
Эми балээ басып айлык маянаны да көтүрүп жибербегиле эми.
+11
Ak_Bulut
2021-10-21 18:13:20
Бирок бизде күндө Аш , Той, кошумча...
+2
Antiradikal3
2021-10-21 23:10:11
Ak_Bulut, карапайым эл аш-той откорсо мээнет кылып жыйган акчасына откоруп жатат. Тышта иштеп жаткан уул-кыздары акча жонотуп жатат. Бийликтеги кузгундарга окшоп элден уурдап, анан дуркурото чоон маараке откоруп жаткан жери жок, Ташиев, Раим миллиондорду чакырып аш-тойго.......
0
rahat73.
2021-10-21 21:15:50
Оозунарды ачып олтурбай нефть казып иштетпейсинерби казак деди орус айты дебей.Турбайбы нефти элди эзип буттунор го деле бир иш жылбады го
+6
Kona8631
2021-10-22 06:55:53
Бироо выбордун айынан кеткен бироо светтин айынан (тезек тергиле деп) бироо бензиндин айынан кетчудой)))
+2
Taalaibek.
2021-10-22 08:02:14
Ураа! Май куюучу жайлар жабылып калышы мүмкүн.
0
ulanbek2000
2021-10-22 10:36:12
Силер сүйгөн Садыр башыбызга бүткөн балее болду.
0
turdaliev2021
2021-10-22 11:52:35
Ойлонгулачы азыр дуйно бойунча кымбатчылык бул жерде президент кунолуу эмес нефтинини мекени россияда кундо кымбаттап баратат бензин эл жакшына эле жашап атышат биз эле тойго барса не бардын деги эле майда эл болуп кеттик таза арчый албаганы деле саясатчы шугур кылып жашайлы туугандар
-1
Antiradikal3
2021-10-22 21:47:06
turdaliev2021, подхалим!!! Россияда бир жылда бензин канча кымбаттады айтчы? Бизде ровно 2 эсе кымбаттады, 30 сомдон 60 сомго. Россияда бензин 45 рублдан 90 рублга чыктыбы 2 эсе кымбаттап?!

Бизде айлык-маяна канча кобойду? Кобойгон жок!!! А Россияда кобойуп жатат...

Биздегидей кымбатчылык Россияда, Европада жок!!! Дуйнодо кымбатчылык деп куу чоп менен оозунарды аарчыбай жургуло!!! Дуйнодо суу май 5 сомго кымбаттаса мисалы, бизде 50 сомго кымбаттап жатат!!!
+1
Nursul
2021-10-22 12:28:05
Май жок болсо ат эшек менен деле барчу жерибизге барып келе беребиз ушуга да шүгүр дейли, май эмес суу жок жашоону элестете албайм.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан