Садыр Жапаров: "Жарандардын кайрылууларынын саны эки эсеге көбөйдү. Мындай көрүнүш маселелер өз убагында чечилбей жаткандын натыйжасы"

Бишкек шаарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын республикалык кеңешмеси өтүп жатат. Анда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөдү.

"Бүгүнкү күндө экономикалык жактан татаал шартта экенибиз баарыбызга маалым. Иштер жүрүп жатат. Мындай учурда бардык бийлик органдарын иш-аракеттерин кординациялоо мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртуу маселеси биринчи планда болушу керек. Азыркы учурда ойлонуп отурганга убакыт жок. Мамлекеттик башкарууну бир жолго салмайынча экономикалык же социалдык тармакта болобу, айтор кайсы тармак болбосун элдин купулуна жетүү мүмкүн эмес. Азыркы учурда ар тармактарда сунушталып жаткан реформанын жыйынтыктары калкка толугу менен жетпей жатат. Калктын көйгөйлөрү чечилбей жатат. Жарандардын кайрылууларынын саны эки эсеге көбөйдү. Мындай көрүнүш маселелер өз убагында чечилбей жаткандын натыйжасы", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан