Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде сөз сүйлөдү. Президенттик аппараттан өлкө башчынын сөзүн жарыялады.
"Жергиликтүү бийликтин жетекчилери! Урматтуу чакырылган коноктор!
Бүгүн биз биринчи жолу ушундай кеңири форматта: министрликтердин, региондордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен бирге жолугуп отурганыбыз бекеринен эмес. Өзгөчө азыркы убакта. Анткени бүгүнкү күндөгү экономикалык татаал шарттарды башыбыздан өткөрүп, кыйналып турган кезибиз. Элибиз баарыбыздан натыйжалуу иштерди күтүп жатат.
Мындай учурда бардык бийлик органдарынын иш-аракеттерин координациялоо, мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртуу маселеси биринчи планга чыгары айкын.
Азыркы тапта ойлонуп отурууга убакыт жок. Ошондуктан учурдагы көйгөйлүү маселелерди талкуулап, туура жыйынтыктарды чыгаруунун кезеги келди.
Кеңешменин урматтуу катышуучулары, баарыңыздар жакшы билесиздер, жогоруда белгилеп кеткенимдей, мамлекеттик башкарууну оң жолго салмайынча, экономика тармагында болобу же социалдык тармакта болобу, айтор, кайсы гана тармакты албайлы кыска мөөнөттө элибиздин купулуна толо турган жыйынтыктарга жетишүү дээрлик мүмкүн эмес.
Мен региондорду кыдырып, эл менен жолугушуу учурларында ушундай пикирге келдим. Анткени азыркы учурда ар кыл тармактарда сунушталып жаткан реформалардын жыйынтыктары карапайым калкка толугу менен жетпей жатат. Калкыбыздын көптөгөн көйгөйлүү маселелери тийиштүү деңгээлде чечилбей калууда. Бир эле фактыга токтолуп кетейин. Мурунку жылдарга салыштырмалуу быйылкы жылы жарандардын кайрылууларынын саны эки эсеге көбөйгөн. Президенттин администрациясына былтыркы жылдын он айында 5800 кайрылуу келип түшкөн болсо, ушул жылдын тогуз айында эле 10500дөн ашык кайрылуу түштү.
Мындай көрүнүш жер-жерлерде маселелердин өз маалында чечилбей, жергиликтүү чиновниктердин жарандардын маселелерине көңүл кош мамиле жасагандыгынын натыйжасы. Ишке болгон мындай мамилени токтотушубуз керек.
Талдап көргөнүбүздө жалпы эле бардык тармактардагы бүгүнкү акыбалыбыздын бирден-бир себеби мамлекеттик башкаруунун начардыгында болуп келген. Иш жүзүндө борбордук бийлик менен жергиликтүү бийликтин ортосунда ажырым дагы эле сакталып турат. Борбордук бийлик кабыл алып, аткарууга жиберген чечимдер өз убагында жер-жерлерге жетип, аткарылышында чоң мүчүлүштүктөр болуп жатат.
Бул жерден мен ачык эле айтып коёюн - бийликтин жоопкерчилигин бир топ эле жоготуп алдык. Өзгөчө эл койгон маселелерди, аймактардын учурдагы көйгөйлөрүн чечүүдө натыйжанын жоктугу оркоюп көрүнүп турат. Жергиликтүү жетекчилер, күнүмдүк ишинде формалдуулукка жол берип, курулай отчётторду берүүнү көнүмүш адатка айландырып алдыңар. Көпчүлүк учурларда жергиликтүү бийлик өз жашоосу менен алек, эл өз жашоосу менен алек болуп калды. Ар бир бийлик бутагы өздөрүнүн ыйгарым укуктарын толугу менен билип, алардын аткарылышына жоопкерчиликтүү мамиле кылганда гана оң жыйынтык чыгарына баарыбыздын көзүбүз жетип турат. Бирок бүгүн мындай көрүнүш дээрлик байкалбайт.
Башкаруунун формасы өзгөрүлгөнүнө карабастан мамлекеттик органдардын иштөө ыкмалары, чечимдерди кабыл алып, аларды ишке ашыруу мурдагыдай эле эскиче жүрүп жаткандай.
Сиздердин эсиңиздерге салып коёюн, аймактарды өнүктүрмөйүн өлкөнү эч качан алдыга жылдыра албайбыз. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен аракети жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталышы абзел", - дейт өлкө башчы.