Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде сөз сүйлөдү.
"Акыркы кезде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күч алган фактылар көп кездешүүдө. Статистикалык маалыматтарга таянсак, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук өткөн жылга салыштырмалуу 21 пайызга өскөн. Бул көрсөткүч балдарга карата жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жаатында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тарабынан тийиштүү иштер жетишерлик болбой жаткандыгынан кабар берет. Бул багыт боюнча тез аранын ичинде чаралардын көрүлүшүн талап кылам", - деп билдирди Садыр Жапаров.