Өлкөдөгү мектеп жана бала бакчалар онлайн форматка өтпөйт. Бул тууралуу брифингде Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.
"Биз балдардын салттуу форматта билим алышы үчүн бардык чараларды көрөбүз. Ошондуктан ата-энелерди да бардык эрежелерди сактоо менен буга активдүү катышууга чакырабыз. Эң көп таралган көйгөй - ооруп жаткан баланы мектепке жөнөтүү.
Көптөр үйдө караганга эч ким жок экенин айтышат, сиз бул туура чечим эмес экенин жана абдан жаман кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин түшүнөсүз.
Бизде министрликтер тарабынан бекитилген алгоритмдер бар, анда кандай учурда биз класстарды же мектептерди онлайн окууга багыттай аларыбыз, оорунун алдын алуу үчүн бала бакчаларды жаба аларыбыз жазылган. Эгерде инкубациялык мезгилде экиден ашык учур катталса, анда бүт мектеп карантинге алынышы керек", - деди Мозгачева.