Ырчы Минюра Рахимжанова ноябрь айында турмуш жолуна аттанат. Ал жакын курбусу менен абысын болот

Буга чейин ырчы Минюра Рахимжанованын сүйүктүүсү колун сурап, үй-бүлө куруу сунушун киргизген. Учурда жакшылыкка камылга көрүп жаткан ырчы менен байланышканыбызда кыз узатуу, үлпөт тою ноябрь айында өтөрү белгилүү болду.

Ырчы болочоктогу жолдошу менен 7-8 жыл мурда таанышканын, жакын курбусу менен абысын болорун айтат. "Сүйүктүү мырзам менин жакын курбумдун кайниси болот. Экөөбүз 7-8 жыл мурда таанышканбыз, бирок сүйлөшчү эмеспиз, кээде кез келишип калчубуз. Былтыр ноябрь айында жакындан сүйлөшүп, кыз-жигит катары жолуга баштадык. Эми минтип баш кошолу деп турабыз.

Болочоктогу жолдошум мени ар тараптан колдоп турат. "Чыгармачылыгыңды таштап салбайсыңбы кийин?" деп эмитен сурап, кабатыр болуп жатат. Эң башкысы экөөбүз бири-бирибизди жан дүйнөбүз менен түшүнүп, кабыл алдык. Мен ушул адамды күтүп жүрүптүрмүн", - деди ал.

Минюра Рахимжанова "Сен кат жаздың", "Закым", "Менин жаным" жана башка ырлары менен белгилүү. Ырчы чет өлкөлүк сынактарга, фестивалдарга катышып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nazira...
2021-10-22 16:28:21
Не бутун ачып түшө берген, бою узун болгондо да бир жөн эле, а так голосу жакшы.
+6
BISHKEK-312
2021-10-22 16:43:00
Ким бул томолок кыз?
+1
ayzhan12
2021-10-22 16:54:49
Абдан татынакай айым. Көйнөгү, чач жасалгалары өзүнө мыкты жарашып калыптыр. Сулуулук жүрөктөргө тынчтык алып келүүчү күчкө ээ. Ар бир айым сулуу болууга умтулуусу керек
-4
Jibani
2021-10-22 17:36:36
Биринчи койнок жарашпаптыр
+1
Kalmurzaev8900
2021-10-22 18:03:14
Куйо баланын жакын досу мен болуп чыгат экеминда
0
bond02
2021-10-22 19:25:10
Куйоого тийе турган болсон сандарынды жаап тур, бир нерсе болуп кетпесин.
0
balykchy2012
2021-10-22 19:37:52
Албарсты басбасын, эрге тийетурган болсоң этегиңди жаапжүрсөң
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан