реклама
super.kg logo

Жалал-Абадда "Жылдын мыкты тарбиячысы-2021" кароо-сынагы өтүүдө

 

Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн демилгеси жана шаардык мэриянын колдоосу менен «Жылдын мыкты тарбиячысы-2021» кароо-сынагы өтүүдө. Сынакка шаар боюнча 23 бала бакчадан 6 тарбиячы катышууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Ага ылайык, сынактын катышуучулары өздөрүнүн жылдык иш планын, иш кагаздарын толук көргөзүү, педагогикалык суроолорго жооп берүү, актёрдук чеберчиликтерин көрсөтүштү.

Кароо-сынактын максаты шаардагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин иш-мерчемдерин жайылтуу, окуу-тарбия иштерин уюштуруу жана өстүрүү үчүн шарт түзүү болуп саналат.

Сынак үчүн жергиликтүү бюджеттен 30 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Сынактын жеңүүчүсүнө шаардык билим берүү бөлүмүнүн кесиптик кошууну тарабынан 10 күнгө Ысык-Көлгө жолдомо, Ардак грамота жана баалуу белектер менен сыйланышат.

Белгилей кетсек, сынактын жыйынтыгы дүйшөмбүдө, тагыраагы 25-октябрда чыгат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
181146;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: