реклама
super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 23-ОКТЯБРЬ: Ак илбирстин эл аралык күнү

 

23-октябрь - эл аралык ак илбирс күнү.

Ак илбирс дүйнөнүн 12 гана өлкөсүндө бар жана Кыргыз өлкөсү алардын ичинде. Кыргыз жергесинде көбүнесе Нарын тарапта кездешет.

Бийик тоолуу аймакты мекендеген жандыкты окумуштуулар толук изилдеп бүтө элек, анткени аны кармамак тургай, көрүү кыйынга турат.
Кыргыздар үчүн ак илбирс өзгөчө касиетке ээ. Бул талашсыз. Кыргыз каганатынын башында болгон Барсбек кагандын ысымы көптү туюнтат. Албетте, илбирстин терисин сыйрып, үйүнө тагып алган замандаштарыбыз да бар. Жоголуп бараткан жаныбарлардын тизмесинен чыгарып, санын көбөйтүп, “биздин тоолорду мекендейт” деп сыймыктануу менен айтчу күндү самайбыз. Ал үчүн, албетте, аңчылыкты катуу көзөмөлдөө – биринчи шарт. Экинчиси – толук кандуу изилдөө, башка өлкөлөрдөн кыйын окумуштууларды тартып келип, биздин илбирстердин санын көбөйтүү боюнча кеңеш алып, алгылыктуу иштерди аткаруу.
Кыргыз жергесинин жаратылыш коруктарында ак илбирс бар экенин фотокапканга түшкөн сүрөттөр далилдейт. Алардын бири Шамшы коругу, экинчиси Сары-Чат-Ээр-Таш.
Шамшы коругу президент Атамбаевдин жарлыгы менен уюштурулган. Ал эми Сары-Чат-Ээр-Таш коругу “Кумтөр” кенин иштетүү башталганда Дүйнөлүк банк жана ЕББР сыяктуу чет элдик донорлордун канадалык инвесторго койгон талабы боюнча уюштурулган. Эки жаратылыш коругунда тең "Snow Leopard Trust" өңдүү эл аралык ак илбирсти коргоо фонддору жана уюмдары түркүн илимий изилдөө иштерин жүргүзүшөт.
Шамшы коругунун уюштурулганына аз гана убакыт болсо, Сары-Чат-Ээр-Таштын 20 жылдан ашуун тарыхы, чоң жетишкендиктери жана “Кумтөр Голд Компани” сыяктуу ишеничтүү өнөктөшү бар. Алтын кен ишканасы коңшу туруп, ак илбирске жем болчу аркар-кулжа менен тоо текенин саны көбөйгөнү үчүн илбирс тукум улап жаткан республика боюнча жалгыз аймак, анткени "Кумтөрдө" аңчылыкка толук тыюу салынган.
Фактылар:
* Ак илбирстин саны Кыргыз өлкөсүндө болжол менен 300дөй.
* "NABU-Кыргызстан" бейөкмөт уюму Ысык-Көл облусунда жапайы жаныбарлар үчүн реабилитация борборунда жабыркаган, жаратылышта жашап кете албаган үч илбирс жашайт.
* Аңчылыкты тыюуга каршы мыйзам кабыл алуу көп жылдан бери демилгеленип, бирок ишке ашпай келет.
*Жакынкы кылымда дүйнө жүзүнөн 100 ири жаныбар жоголот, алардын арасында биздин ак илбирс да болушу мүмкүн.
* Илбирсти сактап калыш үчүн Кумтөрдөгүдөй кылып аңчылыкты толук тыйып, изилдөө иштерин жүргүзүү абзел.
23-октябрга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
181483;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: