БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна "Ыйман Нуру" партиясын жана бир канча талапкерлерди шайлоого катышуудан четтетүү боюнча кайрылуу түштү.
Анда "Ыйман Нуру" партиясы диний жана этникалык негизде саясий партия түзүүгө байланыштуу парламенттик шайлоого катышуу укугунан ажыратуу керектиги жазылган.
Бул кайрылууга 122 адам кол койгон. Алар Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Турсунбай Бакир уулунун, Руслан Бекназаровдун, Мыктыбек Арстанбектин коомчулукка ачык айткан эки ача билдирүүлөрүн Борбордук шайлоо комиссиясына, ошондой эле өлкө бийлигине тапшырышты.