UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына көпчүлүктү суктандырып бийлеген видеосун жарыялады.
"Тартуу учурунан тез импровизация" - деп жазган Шевченко видеонун астына.
Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары Шевченконун бийине жогору баа берип, аны жакшы көрөөрүн билдирген комментарийлерин калтырышууда.
"Валентина сени жакшы көрөм. Сага бардык жакшылыктарды каалайм"
"Сары кыз, биз сени менен сыймыктанабыз"
"Мага сенин беттешти жеңгенден кийин бийлегениң жагат, бул абдан кызыктуу", - деп жазышкан күйөрмандары.
Белгилей кетсек, Валентина Шевченко өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына өзгөчө образдагы сүрөттөрү, бийлеген видеолорун чыгарып катталуучуларын байма-бай кубантып келет.