Актёрлордон түзүлгөн жаңы үй-бүлө. Өмүрбек Израилов менен Айсанат Эдигееванын үйлөнүү тою болуп өттү

Бишкектеги тойканалардын биринде актёр Өмүрбек Израилов менен актриса Айсанат Эдигееванын үйлөнүү үлпөт тою болуп өттү.

Эки жаштын тоюна театр жана кино актёрлорунун жоон тобу жана достору, жакындары катышты. Тойдо тамадалык тизгинди актёр Анвар Осмоналиев башкарса, кино режиссёр Айбек Дайырбеков өкүл ата болду.

"Үч жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк, бирок ачыктаган эмеспиз. Кыз узатуунун алдында гана ачыкка чыктык. Той буюрса, жакшы болду деп ойлойм. Биз көп деле чуркаган жокпуз, көп нерсени туугандарым эле жасады. Айрыкча апамдын эмгеги чоң. Мен үйдүн эң кенжеси болгондуктан Айсанат эрке келин болду", - дейт Израилов.

Актёрлордон түзүлгөн жаңы үй-бүлө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zilish_kg
2021-10-26 17:19:12
Күткөн күн келди! Бактылуу болгула!
+1
Sajakat14
2021-10-28 17:29:52
Экөө бири бирине окшошуп кетишет экен. Күлгөндөрү дагы окшош экен. Бактылуу болгула. Бири бириңерди керек учурда жөлөп таяган, кечирген, бири бирин сыйлап, мээрим төккөн жубайлардан болгула!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан