Депутат Нурдинов: "Жогорку Кеңештин төрагасынын тагдыры эмне болот? БШК түшүндүрмө берсин"

Бүгүн, 27-октябрда парламенттин жыйынында депутат Бейшеналы Нурдинов Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов тууралуу суроо узатты.

"Жогорку Кеңештин төрагасынын тагдыры эмне болот? Эмненин негизинде анын талапкерлиги алынды. Борбордук шайлоо комиссиясы түшүндүрмө берсин", - дейт Нурдинов.

Вице-спикер Аида Касымалиева: "Жогорку Кеңештин төрагасы боюнча юридикалык жактары такталып жатат. Бүгүн, эртең так жообу болот. БШКны чакыруу эртерээк", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан