SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну кайрылды. Анда ал Керимбүбү Шопокова атындагы №3 мектепте фондго акча чогултулуп жатканын айтып, мындай көрүнүштөрдү көзөмөлгө алса деген пикирин билдирди.
"Окуу башталганда сентябрь айында министрлик тарабынан мектептерде фондго акча чогултулбайт деп айтылды эле. Ошол сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?
Мисалы, Сокулук районунун №3 мектебинде ар бир ай сайын фондго 100 сомдон (антисептикке, техникалык персоналга) чогултуп келебиз. Бербесек балдарыңар анда полду жууйт дешет. 2-3-класстын балдары мектептин полун жууйбу? Деги эле пол жууган кызматкерге (ред.: техникалык персонал) мамлекет айлык төлөйбү же окуучулар төлөгөнгө милдеттүүбү?", - деп окурман суроо салды.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.