Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов айрым министрлер депутаттардын телефон чалууларына жооп бербей турганын айтты.
"Кыргыз өлкөсүнүн жүктөрүн Казакстан, Орусия текшерип, кыйнап жатканы боюнча кайрылуулар келип жатат. Бул маселелерди сүйлөшүү жолдору менен чечсе болобу?", - деп сурады депутат.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров: "Жакында чоң конференция болот. Ошондо бул тууралуу айтылат", - деди.
Шайлообек Атазов: "Артыңызда отурган экономика министри, транспорт министри депутаттардын телефон чалууларына жооп бербейт. Телефонго жооп берип, эл менен иштешсин. Депутаттар менен иштешпегендер элди такыр эле кабыл алышпайт экен да", - дейт.