реклама
super.kg logo

Бишкекте бийиктиктен боюн таштаган жигиттин жакындары: "5 саатта куткара алышпаганы уят"

 

27-октябрда Бишкектин Сүйөркулов жана Байтик баатыр көчөсүндө курулушу токтоп калган көп кабаттуу үйдөн 22 жаштагы Мунарбек Ташкулов боюн таштап каза болду. Анда жеринде 5 саатка жакын ӨКМнын куткаруу кызматы, Октябрь РИИБинин ыкчам тергөө тобу, "Тез жардам" кызматы иш алып барган.

Мунарбек Ташкуловдун эжеси Кундуз Бердишова куткаруучулардын ишине нааразы.

"Мага Мунарбектин атасы, менин агам телефон чалып, "Мунарбек бир кызды алам дегенби же урушуп алганбы, айтор боюн таштайм деп жатыптыр. Ошол кызды алып кел же өзүм барайын" деди. Андай болсо алып берип койгула десем, мен анын баарын азыр уктум деп айтты. Анда мен коё туруңуз, ал жерге барайын дедим.

Оюма мындай нерсе келген эмес. Такси менен келип, ары-бери жакты карап таппайм, бир кезде эле көп кабаттуу үйдүн эң башкы кабатында инимди ар ким телефонго тартып жатышыптыр. Ошондо Мунарбекти тааныдым. Ошол жерден эле баягы үйгө жетип бардым. Ал жакка киргизбей жатып араң киргизишти. ӨКМ, ИИМдин кызматкерлери толо жүрүптүр. Мен аларга эжеси экенимди айтып, Мунарбек менен сүйлөшүүнү сунуштап, жалдырадым.

Акыры алар мени коё берди. "Мунаш, кел сүйлөшөлү. Кызды алалы, азыр жолго чыгалы" деп кайрылдым. Бирок кызматкерлер мени ары түшүрүп кетишти.

Ошондо биз 5 саат алыштык. Бирок ошол убакытта ӨКМнын куткаруу кызматынын бир дагы даярдыгы болбогонуна абдан таң калдым. 5 саатта эч нерсе кыла алган жоксуңарбы дедим, жок дегенде тосуп алган бир нерсе даярдап койдуңарбы дедим. Бирок алар эч нерсе кылышпаптыр.

Ал аңгыча Мунарбек секирди. Мен ал убакта Мунарбекти астынан куткаруучулар тосуп алды го деп ойлогом. Болбосо өзүм ошол жерге турат элем. Бирок алар даярданышпаптыр. Алар эч нерсе кылышпаптыр. Мен инимди көргөндө эле анын бозоруп турган кебетесин көрдүм. Анан ооруканага алып кетишти, орто жолдо каза болуп калганын айтышты. Мына азыр эми өлүкканага алып келишти.

Мунарбек Чаткал районунан болот. 4 бир тууган. Өзү жайдары бала эле. Ал студент болчу, өзү окуп, иштеп жанын бакчу. Кээде таксиде иштеп калчу", - деди ал.

Ал эми бул ишке Мунарбекти эмне түрткү кылды деген суроого: "Сүйлөшкөн кызы деген бир кызды бул жакка алып келишиптир. Аны менен деле сүйлөштү дейт. Ырас, ал кыз бул жакка келсе, ортосунда болгон нерсеби дейм да. Эми мен аны күнөөлүү деп айта албайм. Эмне себептен бул окуя катталганын мен дагы билбей жатам", - деп жооп берди.

Ал эми Мунарбек менен бир батирде жашаган классташы Арген Кудайбердиев төмөнкүлөргө токтолду.
"Бүгүн эртең менен Мунарбек экөөбүз чогуу туруп, бирге тамактанганбыз. Жаман нерсе болушунан белги жок болчу. Андан кийин эле досумдун атасы телефон чалып, "ушундай болуп жатыптыр, билчи" деди. Мен дос балдарды чогулттум. Бирок жетише алган жокпуз. Түз эле ооруканага бардык. Ал жерге барсак өлүкканага алып кетишкен экен. Негизи ӨКМнын кызматкерлерине "кызды алып келгиле" деген экен. Өлүмгө алып барчудай башка олуттуу себептери жок болгон. Мунарбек өзү так жүргөн жигит болчу. Өзүнүн маселелерин ар дайым өзү чеччү. Бирөөдөн жардам сурачу эмес. Көйгөйлөр жаралган учурда аны күлүп жеңген позитивдүү бала эле. Бул жерде биздин куткаруу кызматтын шалаакылыгы болуп калды. 5 саат бир адамдын өмүрүн сактап калуу үчүн жетишерлик убакыт болчу. Алар аракет кылышкан жок. Бул окуяга күлкүң келет. 5 саатта бул жерге бассейн да куруп койсо болот. Алар таптакыр болбогондо батут же башка нерсе кылганга да аракет кылыш керек эле да. Алар аны дагы кылган жок".






Бишкекте көп кабаттуу курулуштан боюн таштоого аракет кылып жаткан 22 жаштагы жарандын секирген видеосу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(16)
28.10.2021. 01:03 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
18-09-2021
Соӊку аракети:
09-12-2021 00:41
Жынысы:
Белгисиз
+10
Чында 5 саатта эчнерсе кыла алышпаса эмне үчүн айлык алып иштеп жүрүшөт.Ошол кызматкерлерди жоопко тартыш керек.
28.10.2021. 01:04 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
111
Катталган:
25-10-2021
Соӊку аракети:
08-12-2021 22:19
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чын эле 5 саатта жерге жайчусун жайып, керектүү каражаттардын бүт баарын таап койсо болмок, ушундай да шалаакы, тормоз болушабы. Мейли эми өлгөндүн өзүнүн шоруда.
28.10.2021. 01:25 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
19-10-2021
Соӊку аракети:
08-12-2021 21:58
Жынысы:
Белгисиз
+10
Өлгөн өзүнүн шору ата энеңдин азыркы акыбалын билгениңде ушул кадамга барбайт элең.жаткан жери жайлуу болсун
28.10.2021. 04:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
25-02-2019
Соӊку аракети:
08-12-2021 23:48
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кыз үчүн өлөм дегендерди түртүп жибериш керек
28.10.2021. 04:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
593
Катталган:
07-02-2014
Соӊку аракети:
08-12-2021 20:58
Жынысы:
Белгисиз
+8
Tynar1213, ооба. Тууру айтасың.
28.10.2021. 08:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
434
Катталган:
17-07-2012
Соӊку аракети:
07-12-2021 18:06
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошол жердеги катышкан ӨКМ, ИИМдин кызматкерлерин толуг менен шалаакылыгы учун баардыгын жумуштан алыш керек.
28.10.2021. 08:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
152
Катталган:
29-11-2019
Соӊку аракети:
08-12-2021 23:55
Жынысы:
Белгисиз
+4
5 саатта ал жерге бош коробкаларды үйүп салышмак, жакшы аракет кылбаптыр мчс
28.10.2021. 11:01 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
21-10-2021
Соӊку аракети:
08-12-2021 22:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчиден куну суусу тугонгон ажалга себепошол болгон экинчиден Антара чаап эле жерге тушуруп алып барып камап малыш керек эле бег саатта коп нерсеге жетишсе болмок
28.10.2021. 11:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
273
Катталган:
02-01-2015
Соӊку аракети:
08-12-2021 16:49
Жынысы:
Белгисиз
+4
Секирбей эле койгула эми, Баары бир МЧС куткарбайт
28.10.2021. 12:26 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
19-10-2021
Соӊку аракети:
08-12-2021 16:36
Жынысы:
Белгисиз
+4
ӨКМдин министри уятың болсо арызыңды жазда кет.5саатта ушундай кырсыктын алдын ала албасаң!!Каның кайнайтта биздин шалаакы адамдарга.Дагы аты "Өзгөчө кырдаалдар" имиш.
28.10.2021. 15:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
02-12-2020
Соӊку аракети:
24-11-2021 14:13
Жынысы:
Белгисиз
0
мчс уят. 5 саатта алпинист деле чыгып бармак
28.10.2021. 15:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
02-12-2020
Соӊку аракети:
24-11-2021 14:13
Жынысы:
Белгисиз
0
мчсге былчыйган акчалар которулат корупсионердин баары ошол жакта
28.10.2021. 16:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
02-02-2016
Соӊку аракети:
08-12-2021 14:26
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ой баласын тарбиялай албай эле эмне МЧСке жабышат?!
28.10.2021. 16:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
24-03-2016
Соӊку аракети:
07-11-2021 09:05
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өлөм деген адамды куткаруучулар куткарбайт да. Ал балким психикалык оруусу бардыр. Балага туура тарбия берүү керек эле. Шарият менен жашоо керек.
28.10.2021. 16:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
24-03-2016
Соӊку аракети:
07-11-2021 09:05
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул мчс жардам берчү кырсык эмес, ал өзү тандады ушул жолду
28.10.2021. 17:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
07-03-2017
Соӊку аракети:
08-12-2021 21:39
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажалдан эч ктм куткара албайт.Чындап куну,суусу тугонсо туз жерден чалынып деле оло берет.Олумду кучтуу адам тандайт деген болбогон соз.Кучтуу адам ар кандай кыйынчылыкты женип откон адам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 3 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 3) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
181761;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: