Дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова айылда чөп тартып жүргөндөгү сүрөтүн бөлүштү

Кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 килограмм салмакта Дүйнөнүн учурдагы чемпиону, "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси Мээрим Жуманазарова өзү туулуп өскөн Талас облусуна барып, айылда чөп жүктөп жүрөт.

Балбан кыз чөптө жүргөн сүрөтүн Инстаграм баракчасындагы "Stories" бөлүмүнө жүктөдү. Сүрөттө Мээрим Жуманазарова колуна айры кармап жүргөнүн көрүүгө болот.

Мээрим Жуманазарова октябрь айында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалында япониялык Рин Мияджи менен кез келип, атаандашынын далысын жерге таза басып жеңишке жеткен.

Муну менен кыргыз балбан кызы дүйнөлүк рейтингде өз салмак категориясында экинчи орунга көтөрүлгөн.

Мээрим Жуманазарова айылда чөп тартып жүрөт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ayzhan12
2021-10-28 13:26:24
Ишине ийгилик. Оркундоп осо бер.
+8
bond02
2021-10-28 13:43:07
Чоп чаба албайт бекен?
+5
Arianaa
2021-10-28 13:47:47
Коло байгенин ээси эмес беле адашпасам.
+1
Ozgocho111
2021-10-28 13:56:23
Arianaa,алтыны да бар
+12
Arianaa
2021-10-28 14:20:17
Ozgocho111,
Олимпиаданын кумуш байгесинин ээси деп жазышкан экен суперчилер, ошого коло деп жазганым болчу.
0
Alixan-Nookat.2015
2021-10-28 17:16:58
Arianaa,Олимпиадада коло дүйнө чемпиондугунда алтын уткан болчу.
+2
Aimani
2021-10-28 14:28:32
Бир кол менен эле жыйнап салат болуш керек.пресстелген чопту. Азамат Мээрим.
+6
Jolin
2021-10-29 00:29:37
Абдан жылдыздуу кызсын, АЛЛАХЫМ омурунду узун, ден соолугунду бекем кылсын!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан