Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары, генерал-майор
Шерикбай Султанов бүгүн, 12-ноябрдагы маалымат жыйында “Кытай Кыргызстанга 17,5
миллион долларлык аскердик техника берет” деп билдирди. Анын айтымында Кыргызстан
менен Кытай аскер техникасын алып келүү боюнча макулдашуу түзгөн.
Учурда
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги аскердик-техникалык кызматташтыктын
негизинде Кытайдан алгачкы техникалар келген. Орусиянын аскер-техникалык жардамын
эсепке албаганда, чет өлкөлүк жардамдын
жалпы суммасы 20 миллион долларды түзөт.
“Коргоо министрлиги казынадан сырткары
каражаттарын чогултуп, аскер техникасын жакшыртууга чара көрүп жатат”,- деди
Султанов.