Биз социалдык тармакта

Калпакты тепкен орусиялык блогердин окуясы: Манекенге калпакты Кыргыз жарандары кийгизген

Буга чейин социалдык тармактарда орусиялык блогер жана футболчу Даниил Крапивниковдун кыргыздын улуттук баш кийими болгон калпакты тепкен видеосу тараган.

Анын бул видеосу кызуу талкууга алынып, айрым интернет колдонуучулар блогерден калпакты колуна кармап кечирим сурашын талап кылышкан. Блогер социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, анда манекенге калпакты Кыргыз өлкөсүнүн жарандары кийгизип койгонун айтты.

"Мен калпак улуттук баш кийим экенин билген эмесмин. Биздин кеңсебизде Кыргыз жарандары иштейт. Ошол адамдар манекенге калпакты кийгизип коюшуптур. Мен аны жөн эле кооздук үчүн го деп ойлогом. Дагы бир жолу кечирим сурайм", - деди Крапивников.

Мындан тышкары ал Москвада Кыргыз жарандары көп экенин, эки-үч күн үйүнөн чыкпай тургандыгын айтты.

Крапивниковдун калпакты тепкен видеосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
VENOM
2021-10-29 11:19:53
Сени ушундай кылып тепкилеш керек
+6
bond02
2021-10-29 11:21:18
Эмне ой менен кийгизди экен ал кыкен?
+5
Medina87
2021-10-29 12:13:12
Ак Калпакты тепкен Аягынды(Бутунду) Асманды каратып 2-3 кун уюндон чыкпай жатышына Айлан да жок!!!
Намыска бек КЫРГЫЗЫМДЫН Жигиттери АЛЛАдан Улук эмес, бирок, Ордуна коюп коймок!!!
+4
06021701
2021-10-29 12:45:14
Көпкөн неме да
+3
KaGaH
2021-10-29 17:20:10
Калпакты кийгизген күнөөлүү!
псевдопатриот
+1
nazira...
2021-10-29 19:36:46
Бутун сыңгыр, шал болуп калсаң экен. Эмнеси болгондо да теппеш керек, ал маникен эмне кылыптыр өзү бул жүн башка. Акмак.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан