Бишкекте автобус кырсыкка учурап, 12 адам ооруканага кайрылды. Учурда экөө оор абалда

Бишкекте автобустун катышуусундагы жол кырсыгынын кесепетинен жаракат алган 12 адам №4 шаардык клиникалык ооруканага кайрылышты. Алардын ичинен эки адам жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу аталган бейтапканадан билдиришти.

"Учурда эки адам жандандыруу бөлүмүндө жатат, дагы эки адам нейротравма бөлүмүнө жаткырылды. Жандандыруу бөлүмүндө жаткан эки адамдын абалы оор. Эки адамдын абалы туруктуу.

Биздин ооруканага жалпы 12 адам кайрылган. Сегиз адам амбулатордук жардам алгандан кийин үйүнө жөнөтүлдү", - дешти мекемеден.

Белгилей кетсек, жол кырсыгы бүгүн, 29-октябрь күнү саат 12:30 чамасында Чыңгыз Айтматов көчөсүндө болгон. Анда 8-автобус Чыңгыз Айтматов көчөсү менен бара жатканда алдынан Хонда Фит унаасы чыккан, автобус андан буйтайм деп жолдун жээгиндеги даракты сүзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан