SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылды. Анда ал кичи маркеттердин биринен алган таттуулары эскирип, ичинен курт чыкканын айтты.
"Кечээ күнү алган момпосуй. Ушундайлардын айынан массалык уулануулар болуп, балдарыбыз оорукчан болуп жатат.
Ата-энелер балдарыбызга таттууларды абайлап алып берели. Маркеттин ээси кечирим да сурап койгон жок, 3 килограмм курттап кеткен момпосуй коюп отурат", - деп билдирди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.