Жогорку Кеңештин Ардак грамотасына сунушталган айрым адамдарды депутаттар сынга алышты

Жогорку Кеңештин Ардак грамотасына сунушталган талапкерлердин айрымдарын депутат Бөдөш Мамырова бүгүн комитет жыйынында сынга алды. Айтымында, аталган сыйлыкка татыксыз адамдар тизмеге кирип калган.  

 

“Грамотаны тааныш-билиштик, тууганчылык байланыштар менен берүүгө болбойт. Тизмеде Президенттин алдындагы улуттук тил комиссиясынын кызматкерлери да жүрөт. Алар кайсы кызматы үчүн бул сыйлыкты алат? “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамды артка кайтарганы үчүнбү? Тил жөнүндө мыйзам сунушталганда ошолор каршы болушкан да “мыйзам кабыл алынса, орусча билбегендин баары камалат экен, айып пул төлөйт экен” дешип”,- деди Мамырова. 

 

Комитет жетекчиси Каныбек Осмоналиев сунушталган маселени комитет кароого милдеттүү экенин айтты. “Сунуштаса эле талкуулай бербей, элди да эске алалы” деген депутат залдан чыгып кетти.

 

Айта кетсек, парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинде бүгүн, 12-ноябрда бир катар мамлекеттик кызматкерлерди Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү маселе каралды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан