Ноябрь айындагы жолдоштук беттештерге карата футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын алдын ала курамы жарыяланды.
Улуттук курамага чакырылган оюнчулардын тизмеси: Дарбазачылар: Эржан Токотаев ("Алга"), Кутман Кадырбеков ("Дордой"), Калыс Акималиев ("Абдыш-Ата").
Коргоочулар: Тамирлан Козубаев ("Туран", Казакстан), Бекжан Сагынбаев, Айзар Акматов, Александр Мищенко, Кайрат Жыргалбек уулу (бардыгы "Дордой"), Данила Сокриченко, Кайрат Изаков (экөө тең "Абдыш-Ата"), Валерий Кичин ("Енисей", Орусия);
Жарым коргоочулар: Алимардон Шүкүров ("Неман", Беларусь), Фархат Мусабеков ("Туран", Казакстан), Турсунали Рустамов, Абай Боколеев, Гүлжигит Бөрүбаев (бардыгы "Дордой"), Одилжон Абдурахманов ("Бунёдкор", Өзбекстан), Гүлжигит Алыкулов ("Кайрат", Казакстан), Атай Жумашев, Мирбек Ахматалиев (экөө тең "Абдыш-Ата"), Азим Азаров, Темирболот Тапаев (экөө тең "Алга"), Николай Давыдов ("Фрайзинг", Германия).
Чабуулчулар: Эрнист Батырканов ("Ван", Армения), Эльдар Молдожунусов ("Алай").
"Ак шумкарлар" окуу-машыгуу жыйынын өтүү үчүн эртең, 2-ноябрда БАЭге учуп кетишет.