Бишкекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жылытуу мезгилине карата отун таратылды

"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө отун тарата баштады.
"2021-2022-жылдардагы жылытуу мезгилин ишке ашыруу максатында Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан берилген тизмеге ылайык, 360 аз камсыз болгон үй-бүлө отун менен камсыздалат.
Ишкана болжол менен 540 метр куб отунду бекер берүүнү пландап жатат, ал өз кезегинде Бишкектин муниципалдык аймагындагы куураган бак-дарактарды жана бутактарды кыюунун натыйжасында чогултулган", - деп жазылган маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан